«Унаа» мекемеси техникалык көйгөйлөрдөн улам иштебей жатат
“Унаа” мекемеси автоунааларды каттоо, кайра каттоо системасында мүчүлүштүктөр болуп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинде бир нече жолу мүчүлүштүктөр болгон. Жыл башынан бери мекеме кеминде 5 жолу техникалык көйгөй, же электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам иштебей калган.
"Учурда кемчиликтердин себептерин жоюу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.