2020-жылы «Унаа» мекемеси 413 миңден ашуун мамлекеттик номер саткан

22 января 2021, 17:30

2020-жылы «Унаа» мамлекеттик мекемеси аркылуу 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери сатылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтылды. 

 

 

 

 

«Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндө өткөн жылы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан 309 миң 870 кызмат көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч унаалар алгачкы каттоо жана аларды кайра каттоону да камтыйт. 2020-жылы 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 38 транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген. Ошондой эле улуттук, эл аралык үлгүдөгү жана тракторист-машинисттин 189 миң 526 айдоочулук күбөлүктөрү берилген», - деп билдиришти.