«Унаа» 11,9 млн сомго эски номурларды сатты

23 декабря 2021, 12:10

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатып алуу боюнча ачык аукцион өткөрдү.

Аукциондун алкагында 2018-жылдан бери башкармалыктын кампаларында 143 тоннадан ашык пайдаланылбай калган номурлар сатыкка коюлду. 

"Аукциондун жыйынтыгы менен түстүү металлды 11 миллион 920 миң сомго сатып алган аукциондун жеңүүчүсү аныкталды. Түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке которулат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.