ОСАГО боюнча айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды

26 января 2023, 11:00

Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуу белгисиз мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен кеңешилип, азырынча унаа ээлерине айып пул салбоо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирген. ОСАГОсу жок катардагы айдоочуларга 1-апрелден тарта 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.