Унция алтындын баасы бир айда 2 миң 942 сомго кымбаттады

19 октября 2020, 15:30

Кыргызстанда алтын унциянын баасы үч күн ичинде (16-19-октябрь күндөрү) 2 миң 520 сомго (30 $), ал эми бир айда - 2 миң 942 сомго (36 $) кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Бүгүн, 31 граммдык алтын уютмаларын 171 миң 152.5 миң сомго сата алышат. Ал эми Улуттук банк алтын унциясын 173 мин 720 сомго сатып жатат. 

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк рынокто алтын куймалардын үчтүк унциясынын баасы 1 миң 915 долларды түзөт.