Улуттук банктын өлчөнгөн куймасынын унцийи дээрлик 10 долларга кымбаттады

2 июня 2023, 12:49

Улуттук банктын алтын куймасынын унциясы 865,6 сомго же 9,88 долларга кымбаттады. Мындай маалыматтар өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында берилген.

2-июнга карата Улуттук банктын жалпы салмагы 31,1035 грамм болгон алтын куймасынын кайра сатып алуу баасы 1-майдагы 177 миң 745 сомдун ордуна 178 миң 610,5 сом деп белгиленди.

Калкка куймаларды сатуунун баасы да 998 сомго же 10 долларга өсүп, 181 миң 289,5 сомду түздү.