Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийи кымбаттоодо

15 ноября 2022, 09:20

Сутка ичинде Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи дагы 948,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.  

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 154 миң 946 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 14-ноябрда кайра сатып алуу баасы 153 миң 997,5 сомду түзгөн. Ошентип, баа 11,24 долларга жогорулады. 

Бүгүн, 15-ноябрга карата, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.