Улуттук банктын алтын унцийи дагы 4,63 долларга кымбаттады

3 ноября 2022, 09:15

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи бир суткада 386,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.  

Бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 143 миң 441 сомдон сатып алууда. Кечээ, 2-ноябрда кайра сатып алуу баасы 143 миң 54,5 сомду түзгөн. Ошентип, баа 4,63 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 2-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомго сатып алууга мүмкүн.