Улуттук банктын алтын унцийи 9,73 долларга кымбаттады

8 июня 2023, 09:16

Учурда 31,1035 граммдык өлчөнгөн куймалардын унций баасы 177 миң 600 сом деп белгиленди.

Кечээ, 7-июнда анын баасы 176 миң 749,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир унцийдин кайра сатып алуу баасы 850,5 сомго же 9,73 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, алтынды 8-июнга карата 180 миң 264 сомго сатып алууга болот.