Улуттук банктын алтын унцийи 10,93 долларга кымбаттады

10 мая 2023, 09:24

Бүгүн, 10-майда Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 182 миң 932 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан алты күн мурун, 4-майда Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 181 миң 975 сомдон сатып алган, бул бүгүнкүгө караганда 957 сомго (10,93 доллар) арзан.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 185 миң 676 сомдон сатып алууга болот.