Алтын куймаларынын унцийи кымбаттоодо

2 февраля 2023, 09:22

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи бир суткада дагы 172 сомго кымбаттады. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 171 миң 599,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 1-февралда кайра сатып алуу баасы 171 миң 427,5 сомду түзгөн. 

Ошентип, баасы күнүнө 2 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 2-февралга болгон маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 171 миң 427,5 сомдон сатып алууга болот.