Улуттук банктын алтын куймасы бир суткада 16,5 долларга арзандады

4 ноября 2022, 09:31

Бир сутка ичинде Улуттук банк чыгарган алтын куймаларынын унцийи 1382,5 сомго арзандады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 142 миң 58,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 3-ноябрда кайра сатып алуу баасы 143 миң 441 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 16,5 долларга төмөндөдү.

Бүгүн, 4-ноябрга карата Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.