Алтындын унцийи бир күндө 47,55 долларга арзандады

28 марта 2023, 09:16

Бүгүн, 28-мартта Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 175 миң 824,5 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан бир күн мурун, 27-мартта Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 179 981,5 сомдон сатып алган. Бул бүгүнкүгө караганда 4517 сомго (47,55 доллар) кымбат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 178 миң 462 сомдон сатып алууга болот.