Улуттук банкта алтындын унцийи 170,5 сомго арзандады

10 ноября 2023, 13:19

10-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 180 миң 522 сом деп белгиленди.

Буга чейин көзөмөл органы 31,1035 грамм салмактагы куймаларды элден 180 миң 692,5 сомго сатып алган. Ошентип, баа 170,5 сомго арзандады.

Бүгүн Улуттук банктан алтын куймалардын унцийин 183 миң 230,5 сомдон сатып алса болот.