Улуттук банктын алтын унцийи 2,78 долларга арзандады

24 ноября 2022, 10:37

Бир суткада Улуттук банк чыгарган алтындын бир унций куймасы 234,5 сомго арзандады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 152 миң 608,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 23-ноябрда кайра сатып алуу баасы 152 843 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 2,78 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, 23-ноябрга болгон маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомго сатып алууга болот.