Улуттук банктын алтын унцийи 727 сомго арзандады

25 апреля 2024, 09:39

25-апрелге карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 211 миң 840,5 сом деп белгиленди.

Бир күн мурда көзөмөл органы 31,1035 грамм салмактагы куймаларды элден 212 миң 567,5 сомго сатып алган. Ошентип, бир сутканын ичинде баа 727 сомго арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин 215 миң 18 сомго сатып алууга болот.