Улуттук банктын алтынынын унцийи бир күндө 2,5 долларга кымбаттады

17 ноября 2022, 13:16

Бир суткада Улуттук банк чыгарган алтын куймаларынын унцийи дагы 212 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 155 миң 363 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 16-ноябрда кайра сатып алуу баасы 155 миң 363 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 2,51 долларга жогорулады.

Эске салсак, алтын 4-ноябрдан бери кымбаттоодо. 

Кошумчалай кетсек, 17-ноябрга болгон маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 166 миң 276 сомго сатып алуу мүмкүн.