Алтындын унцийи бир суткада 26,30 долларга кымбаттады

5 апреля 2023, 09:14

Бир сутка ичинде Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унций куймасы 2 миң 299 сомго кымбаттады. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 грамм куймаларды 181 миң 362,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 4-апрелде кайра сатып алуу баасы 179 миң 63,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир суткада баа 2299 сомго же 26,30 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 4-апрелге карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 184 миң 83 сомдон сатып алууга болот.