Улуттук банктын алтын куймасынын унцийи 3,5 сомго арзандады

20 сентября 2022, 09:25

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймасынын бир унцийи бир күндө 3,5 сомго арзандады. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө алтын куймасынын унциясын кайра сатып алуу 140 миң 602 сомду түзүүдө. Кечээ, 19-сентябрда кайра сатып алуу баасы 140 миң 605,5 сомду түзгөн. Ал эми бир жума мурун, 13-сентябрда алтындын унцийинин кайра сатып алуу баасы 147 миң 215,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир жумада алтындын унций баасы 4,4%га арзандады.

Ошол эле учурда Улуттук банктан алтындын унций сатып алуу баасы 177 миң 146 сом деп белгиленди.