Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясы 1 долларга кымбаттады

27 мая 2022, 09:11

Сутка ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын унций куймасы 0,05%га кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 152 миң 619 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 26-майда кайра сатып алуу баасы 152 миң 535,5 сомду түзгөн. Ошентип, алтын 83 сомго, же 1,05 долларга жогорулады.

Белгилеп кетсек, айдын башынан бери кайра сатып алуу баасы 6,14%га төмөндөгөн.

27-майга карата Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болорун кошумчалайбыз. Баа 26-апрелден бери өзгөргөн жок.