Жалал-Абаддагы университет дээрлик 27 млн сомго оңдолот

30 августа 2023, 10:49

Жалал-Абад мамлекеттик университети окуу жайды толук оңдоого тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Жалпы бюджет 26 миллион 931 миң 264 сомду түзөт.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров облуска болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айландыруу боюнча өлкөдө атайын план бекитилгенин айткан. Бул максаттарга 2 миллиард сом бөлүнгөнү кабарланган.