Ипотекалык компания 100% президенттин иш башкармалыгына өттү

2 апреля 2024, 15:00

Президенттик аппарат "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын жалгыз ээси болуп калды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, президенттик аппарат 1-апрелден тарта компаниянын 100% акциясына ээлик кылат, бул 18,6 млрд сомдук 186 миң 279 акцияны түзөт.

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК Кыргызстандагы эң ири ипотекалык насыя берүүчү болуп саналат. Компания өлкө жарандары үчүн жеңилдетилген пайыздар менен ипотекалык насыяларды берет.