Токтогулда суу көбөйүүдө

10 мая 2022, 10:41

Бүгүн, 10-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 миллиард 424 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААК басма сөз кызматынан билдиришти.

"7-майдан бери суунун агып кириши күтүлгөндөй көбөйүп, секундасына миң куб метрден ашты", - дейт "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.

Эске салсак, мындан бир жыл мурун, 2021-жылдын 10-майында суу сактагычтагы суунун деңгээли 9 миллиард 295,6 миллион кубометрди түзгөн. Суунун агып кириши – 1336 кубометр, агып кириши – 255 кубометр.