Кыргызстандыктар 22 млрд сомго насыя алышкан

15 ноября 2019, 13:00

2019-жылдын январь-сентябрь айларында чакан насыяларды кайтаруу 93.5% түзгөн.  Өткөн жылдын январь-сентябрь айлары менен салыштырып караганда, 0.7% азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, чакан насыялардын 31.8% айыл-чарба тармагына, 26.5% - керектөөлөргө, 12.7% - соода жана тамак-аш тармагына берилген. 

Бул жылы чакан насыя берүүчү уюмдар 22 млрд сомго насыя беришкен. Өткөн жылы 16.5 млрд сомго насыя берилген.