USAID Ош шаарынын ишкерлерин грант аркылуу каржылайт

31 октября 2019, 12:34

«Демилгелүү жаштар»  долбоору алкагында Ош шаарынын 16 ишкерлери бизнести таануу баюнча тереңдетилген окуу курсунан өтүштү.  Ишкерлер андан сырткары, команда топтоо, каржылоо, маркетинг жана сатуу боюнча практикалык билим алышты. Аталган долбоорду USAID каржылоодо. 

Программанын жыйынтыгынын негизинде, 5 долбоор жактырылып мындан аркы иш алып кетүүсүнө 10 миң долларга чейинки каражат бөлүнөт. Андан сырткары, программанын бүтүрүүчүлөрүнүн бардык долбоорлору 50 миң долларга чейин Accelerate Prosperity тарабынан каржылануусу мүмкүн. 

Маалымат катары: 

Accelerate Prosperity - Ага Хан Бирикмесинин демилгеси, USAID тарабынан каржыланат. Программа КР жаштарын активдүүлүгүн күчөтүүгө жана экономикалык жактан өсүүгө багытталган.