Браконьерлер мамлекетке жарым миллион сомдон ашык зыян келтирди

25 октября 2021, 09:35

Ысык-Көлдөгү рейддин жүрүшүндө балыктар бар браконьерлик торлор табылды. Муну менен мамлекетке 777,7 миң сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жалпы узундугу 1,1 миң метр болгон 12 синтетикалык балык кармоочу тор көлдүн Балыкчы шаары менен Сары-Камыш айылынын ортосундагы бөлүгүнө жайгаштырылган.

"Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.