Ушул айда Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

5 мая 2023, 10:12

22-майдан тарта борбор калаада ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

“Жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн өчүрүүлөр жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.