Үсөнбаев: коомдук унаалар туура колдонулуп жатат

26 мая 2020, 11:15

Кечээ, 25-майдан тарта иши жанданган коомдук унаалардын биринчи иш күнүндө элди жык-жыйма салгандары байкалган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Ал, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн коомдук унаалар менен жүргүнчүлөр белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарышы керектигин дагы бир ирет эскертип өттү.

«Бүгүнкү күнү коомдук унаалар иштеп жатат. Өзүңүздөр байкагандай, ал туура колдонулуп жатат. Себеби, учурда ичи толгон коомдук унаалар байкалган жок. Жүргүнчүлөр беткап тагынып жүрүшөт. Коомдук унааны колдонууда ушундай туура мамиле коронавирустун жайылышын алдын алат. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн баарын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткарууга дагы бир ирет чакырам», — деди ал.