ЕАЭБге үчүнчү өлкөлөрдөн эт ташып келүүдө нөлдүк ставка белгиленди

2 февраля 2022, 15:41

Айыл чарба министрли ЕАЭБ аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн бодо малдын этин ташып келүүдө бажы пошлинасынын ставкасы төмөндөгөндүгүн билдирди.

Өткөн жылдын 12-ноябрындагы Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин чечимине ылайык, 2022-жылдын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн бодо малдын этин ташып келүүгө бажы алымынын ставкасы нөл пайызга түшүрүлдү.

“Бул чара эт азыктарын өндүрүү үчүн гана алынып келинген бодо малдын этине колдонулат», - деп түшүндүрдү Айыл чарба министрлигинен.