Кыргызстандыктар күрөөканалардын кызматына көбүрөөк кайрылышат

14 октября 2022, 13:13

Кыргызстанда 1-июлга карата 407 ломбард иштейт. Алардын ичинен 259 ломбард гана отчет тапшырган. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.

Мында активдер 2,3 миллиард сомду, милдеттенмелер 1,7 миллиард сомду, берилген кредиттердин көлөмү 2,1 миллиард сомду түзөт. Ошол эле учурда берилген кредиттерден түшкөн каражаттар 1,5 миллиард сомду, алар боюнча пайыздар 318,4 миллион сомду түздү.

Финансылык көзөмөл органы ломбарддардын финансылык абалына түздөн-түз таасирин тийгизген 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясын эске албаганда, ломбарддардын финансылык көрсөткүчтөрү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.

"Калк күрөөкана бизнесинин кызматына көбүрөөк кайрылууда. Негизги себептери – айлык акынын аздыгы, азык-түлүккө болгон баанын тынымсыз өсүшү. Калктын "төлөм теңдеминин ажырымы" бар, аны бир нерсе менен жабуу керек. Кредит 90% учурда зергер буюмдарын күрөөгө коюу менен, 5%да унааларды күрөөгө коюу менен, калгандарында антиквариат, ал тургай тиричилик техникасы менен берилет", - деп билдирди Финансылык көзөмөл органы.