«Айыл Банктын» уставдык капиталы 7,6 млрд сомго чейин көбөйтүлөт

12 октября 2022, 09:44

“Айыл Банк” ААКнын акционерлери 7-октябрда кезексиз жыйын өткөрүп, күн тартибине беш маселе коюлду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Негизги чечимдердин бири болуп “Айыл Банк” ААКнын жөнөкөй акцияларынын жаңы чыгарылышын каттоо жана жайгаштыруу аркылуу банктын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларынын санын көбөйтүү болду.

Ошентип, ар бири 10 миң сомдон 100 миң нуска жайгаштырылат. Натыйжада 1 млрд сом пландалууда.

“Ошол эле учурда “Айыл Банктын” чыгарылган жөнөкөй акцияларынын жалпы саны ар бири 10 миң сомдон жайгаштыруу баасы менен 762 миң 462 нусканы түзөт. Ошентип, банктын уставдык капиталы 7 млрд 624 млн 620 миң сомго чейин көбөйтүлөт”, - деп билдирди КФБ.

Мындан тышкары, акционерлер 2022-жылга тышкы аудитор катары Grant Thornton шайлашты. Эл аралык уюм көрсөткөн кызматы үчүн 2 миллион 700 миң сом алат.