«Эйр Кей Жи» компаниясынын уставдык капиталы 8 эседен ашык көбөйдү

23 июня 2023, 09:36

“Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн туунду компаниясы болгон “Air KG Airlines” ЖЧКсынын уставдык капиталынын өлчөмү көбөйгөнүн жарыялады.

Ошентип, бүгүнкү күндө ишкананын капиталы 797 миллион 364 миң 482 сомго бааланды. Көбөйтүү авиакомпаниянын жалгыз катышуучусу – “МАМ” ААК кошумча салымынын эсебинен болду.

Депозиттин көлөмү 702 миллион сомду түздү. Тиешелүү чечим 15-июнда кабыл алынды.