МИКтин уставдык капиталы 11,2 млрд сомду түзөт

2 февраля 2023, 09:49

Ушул айдын 19-январында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өтүп, анда бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Тактап айтканда, жыйында 16-чыгарылышты каттоо жана жайгаштыруу жолу менен компаниянын уставдык капиталын жана жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Бул Финансы министрлиги бөлгөн 500 миллион сомдун эсебинен болуп, ар биринин номиналдык баасы 100 миң сомдон 5 миң нускада аткарылат.

Ошентип, компаниянын уставдык капиталы 11 миллиард 239,5 миллион сомду түзүп, 112 миң 395 жөнөкөй акцияга бөлүнгөн.