MEGAнын уставдык капиталы 8,7 млрд сомго чейин көбөйдү

23 марта 2023, 11:23

MEGAнын уставдык капиталы 8,7 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди.

Алсак, 16-мартта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп, анда башкы директор MEGAнын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча жалгыз акционерге, мамлекетке отчет берди.

"Оператор белгиленген планды ашыра аткарды. Тактап айтканда, акыркы 12 айдын ичинде MEGA тарабынан тармакты өнүктүрүү жана оптималдаштыруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, анын натыйжасында 200дөн ашык жаңы базалык станциялар ишке киргизилди", — деди Мамытов.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жетүүгө өзгөчө кыйын аймактарында базалык станцияларды курууга кошумча каражат бөлүү демилгеси жактырылды.