Бюджеттик кызматкерлердин маянасын төлөө концепциясы бекитилди
Үч жылга чейинки, тагыраагы 2026-жылга чейинки мезгилге өлкөнүн бюджеттик тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Бул документ өлкө президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы №95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик секторунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, өлкөнүн экономикалык жактан активдүү калкынын 13%дан ашыгы мамлекеттик сектордо иштейт. Бюджеттик сектордо иштеген кызматкерлердин акчалай кирешесинин негизги булагы айлык акы болуп саналат.