Депутат: Бажы кызматы эффективдүү иш жүргүзө албай жатат
Үстүбүздөгү жылдын үч кварталынын жыйынтыгы менен, бажы салымдары 4.8 млрд сомго төмөндөгөнү байкалат. Бажы кызматындагы бюджеттин 500 млн сомго көтөрүлгөнүнө карабастан, эффективдүү иш алып баруу жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.
Депутат Кыргызстандагы контрабандагы каршы иш-чараларды күчөтүү керек деп айтты.
МБК жетекчиси Алтынбек Торутаев бажы салымдарынын азайышынын себебин, импорттун 10% төмөндөгөнү менен түшүндүрдү. Аны менен бирге эле, Кытайдан келген товарлардын көлөмү 12% түшүп кеткен.