Алматыдан Бишкекке каттамдардын саны көбөйтүлдү

11 августа 2023, 09:52

QAZAQ AIR авиакомпаниясы Алматы менен Бишкектин ортосунда түз каттамдарды ачат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдардын башталышы 11-сентябрга белгиленген. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 учактары менен жумасына үч жолу аткарылат.

Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

  • IQ 541 Алматы 09:50 – Бишкек 10:50
  • IQ 542 Бишкек 11:50 – Алматы 12:50.

Бир тарапка билеттин баасы 23 миң теңгеден (4,5 миң сом) башталат.