Оштон Красноярскка үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү

23 мая 2023, 13:44

Оштон Красноярскка үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына 1 жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Буга чейин Ош – Красноярск – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз рейстер аптасына 4 жолу аткарылып келген.