Бишкектен Түркияга учкан каттамдардын саны көбөйдү
Кыргызстанда Түрк аба жолдорунун Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учуулар жумасына 12ден 14кө чейин көбөйдү. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы рейстер жумасына эки жолу болот - 2021-жылдын 1-июнунан баштап бейшемби жана жекшемби күндөрү.
Жалпысынан Түркияга жумасына 24 каттам жүргүзүлөт.