Екатеринбург жана Бишкек авиакаттамдарынын саны көбөйдү

5 октября 2022, 10:35

3-октябрдан тарта Екатеринбург – Бишкек – Екатеринбург багыты боюнча кошумча үзгүлтүксүз каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. 

"Уральские авиалинии" орус авиакомпаниясы аба каттамдарын дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашыра баштады. 

Эске салсак, буга чейин аталган каттам боюнча жумасына 4 каттам — ар шаршемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учуп турган.