Шарджа-Бишкек-Шарджа аба каттамдарынын саны көбөйдү

27 октября 2022, 09:16

Быйыл октябрь айында Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча кошумча үзгүлтүксүз каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.

Air Arabia авиакомпаниясы Бишкектен Бириккен Араб Эмираттарына кошумча каттамдарды дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат.

Буга чейин бул каттам боюнча жумасына төрт рейс аткарылчу.