Коргоого алынган аманаттардын көлөмү эки эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн

31 октября 2022, 11:01

Экономика жана соода министрлиги кепилденген депозитти 400 миң сомго чейин көтөрөт. Тиешелүү токтом коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун максаты коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай курулуш кредиттик компаниялардын аманатчыларына кепилдик учур (банкроттук) келип чыккан учурда депозиттер боюнча компенсациялардын өлчөмүн 200 миң сомдон 400 миң сомго чейин жогорулатуу болуп саналат.   

Кыргызстанда депозиттер боюнча компенсациянын өлчөмү, башкача айтканда, жабуу акыркы жолу 2016-жылы кайра каралып чыккан. Компенсация 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин көтөрүлгөн.