«Кыргызкөмүрдүн» жооптуу кызматкерлери иштен алынды

27 ноября 2021, 10:24

Бир күн мурун президенттин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Анда энергетикалык коопсуздук негизинен талкууланган маселелердин бири болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, канааттандырарлык эмес иши жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир нече мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыяланып, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.