Уюлдук телефондор үчүн атайын «Мамлекеттик каттоо кызматы» боюнча тиркеме иштелип чыкты

14 августа 2020, 17:20

Android  уюлдук телефондору үчүн атайын «Мамлекеттик каттоо кызматы» боюнча тиркеме иштелип чыкты. Ал эми Apple үлгүсүндөгү телефондор үчүн бул кызмат киийнчерээк ишке ашат.

 

Статистика боюнча порталдын 85% колдонуучулары уюлдук телефондун кызматтарын колдонушат. Ошол себептен тиркеме иштеп чыгууга идеясы келип чыккан.

Тиркемени Google Play Market тиркемесинен көчүрүп алса болот.

Бул кызматта төмөндөгү кызматтын түрлөрү бар:

  • паспортту текшерүү;
  • паспортту даярдоо;
  • үй-бүлөлүк абалды текшерүү;
  • каттоо дарегин аныктоо;
  • унаанын бар-жогун текшерүү;
  • автоунааларды, жеке этикеткаларды жана жабдууларды каттоо документтерин жарактуу деп текшерүү;
  • Улуттук айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугун текшерүү;
  • Carcheck жөнүндө маалымат
  • Коопсуз шаар тутуму боюнча айып пулдарды текшерүү;
  • Сертификаттын аныктыгын текшерүү;
  • дипломдун аныктыгын текшерүү;
  • Балага сүйүнчү төлөмүнүн абалын текшерүү

GDS Services мобилдик тиркемесинин артыкчылыктарынын бири - кайтарым жооп берүү тутуму (push notifications), бул сизге алган айыптар, паспорттун даярдыгы ж.б. жөнүндө маалыматтарды  алууга мүмкүндүк берет.

 

 

Келечекте мобилдик тиркеменин кызматтарынын спектрин кеңейтүү пландаштырылууда: электрондук айдоочулук күбөлүк, электрондук унаа паспорту, электрондук паспорт жана башка кызматтарды кошуу.