Өзбекстан 4.4 млрд $ алтын экспорттогон

25 декабря 2019, 15:47

Өзбекстан 2019-жылдын январь-ноябрь айында 4.4 млрд $ алтын экспорттогон. Бул тууралуу Upl24 порталы жазып чыкты. 

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу  2.8 эсеге көп болгон. Муну менен катар, алтын жалпы экспорттолгон товарлардын ичинен 27.3% түзгөн. 

Белгилей кетсек, Өзбекстанда алтын экспортунун көлөмү өсүүдө. Мисалы,  2015-жылы өлкө 823.9 млн $ алтын экспорттогон.