Өзбекстан Казахстандын мунайын сатып алат

27 июня 2019, 15:58

Өзбекстан Казахстандын мунайын биринчилерден болуп сатып ала баштайт. Kazenergy  башкы директору Болат Акчулаков LS  билдирген. Биринчи партиядагы мунай  2019-жылы июлда жөнөтүлөт. 

«Казак мунайы дүйнөлук баада эле сатылат. Арзан сатылбайт. Алгачкы партия июлда Өзбекстанга барат», –деп айткан Болат Акчулаков.

Анын айтымында  Беларусия, Армения  менен Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр жүрүдөө. 

Казахстандын энергетика министри Канат Бозумбаевдин айтымында, Казахстан АИ-92 маркасында  70 миң тонн бензинди экспорттону пландаштырып турушат. ЕАЭБ кирген бажы аймагында бензиндин экспорту ачылган. 

Буга чейин Казахстандын энергетика боюнча вице-министр Махамбет Досмухамбетов  Кыргызстанга июлда бензин жөнөтүлөт деп айткан.  2018-жылы Бозумбаев  Кыргызстанга аз партия менен – 10  миң тоннадан экспорт жасарын айткан.