Өзбекстан газ экспортоону толугу менен токтотту

7 января 2022, 13:10

Өзбекстан жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотуп, аны өлкөнүн ичиндеги сезондук максималдуу керектөөнү жабууга багыттады. Бул тууралуу “Фергана” басылмасы жазып чыкты.

Такталгандай, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун буга чейинки билдирүүлөрүнө ылайык, газ экспорту 2025-жылга чейин токтотулушу керек болчу. Мындан улам экономика тармактарын жана калктын керектөөлөрүн отун менен камсыз кылуу максатында көгүлтүр отунду өлкө ичинде толук иштетүү пландаштырылууда.

Акыркы жылдары Өзбекстан жаратылыш газын чет өлкөлөргө сатууну олуттуу түрдө кыскартууда. 2020-жылы Орусияга экспортту толугу менен токтотуп, Кытайга жеткирүүлөрдү үч эсеге кыскарткан. Кыргызстанга келсек, 2021-жылдын январь-октябрь айларында (акыркы маалыматтар), Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Өзбекстандан Кыргызстанга жаратылыш газынын импорту 4 млн 512,5 миң долларга 30 млн 83 миң 468 метр кубду түздү.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, Өзбекстанда 2020-жылы газ өндүрүү мурунку жылга салыштырмалуу 17,8%га – 60,5 млрддан 49,7 млрд куб метрге чейин кыскарган. 2021-жылы 53,8 млрд кубометр өндүрүү белгиленген.