Өзбекстан Баткенге эки мектеп курат

27 октября 2021, 15:42

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп курууну пландап жаткан Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору каралды. 

Долбоорго ылайык, Баткен районунун Самаркандек айылында жана Лейлек районунун Маргун айылында 330 орундуу орто мектептер курулат.

"Бул максаттар үчүн Маргун айылынан 0,30 гектар, Самаркандек айылынан 0,75 гектар жер тилкеси бөлүнөт", - деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, курулуш иштери аяктагандан кийин мектептер Кыргызстандын менчигине өтөт.