Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлигине 2020-жылы 1.5 млрд $ бөлөт

23 января 2020, 17:10

Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлигине дээрлик 1.5 млрд $ бөлөт. 2019 - жылы көрсөткүч 22% жогорулаган. Бул тууралуу Өзбекстан республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, дары-дармек сатып алууга 156 млн $, медициналык тез жардам кызматынын жабдыктарына - 10.8 млн $ бөлүнөт. 2019-жылга салыштырмалуу дары-дармек препараттарына болгон чыгаша 36% жогорулаган. 

2020 - жылы курулуш, капиталдык ремонт жана республикадагы медициналык мекемелерге 115.8 млн $ жакын каражат каралат. Өткөн жылы чыгаша 102 млн $ түзгөн. 

ММК фондунун бюджети 2020-жылы 229.5 млн  түзөөрү белгилүү болгон.