Өзбекстан туризм боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

5 февраля 2020, 10:50

Өзбекстан туризм жаатында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 4 - орунга ээ болду. Бул тууралуу Independent басылмасы билдирди. 

2019 - жылы Өзбекстанга келген туристтердин саны 27.3% көбөйгөн. Ал эми Казакстанда жогорулап, рейтингдин 20 - баскычына чыкты. 

Биринчи орунда Мьянма өлкөсү турат. Бул өлкөгө келген туристтердин саны 40.2% көбөйгөн. Андан соң Пуэрто-Рико жана Иран турат. Өзбекстан Черногория, Египет жана Вьетнам өлкөлөрүнөн дагы алдыга озуп чыккан. 

Францияга 2019 - жылы 90 млн турист келип, туристтер эң көп каттаган өлкө катары белгиленген. Ал эми андан кийинки орунду Испания өлкөсү ээлеген. 

Дүйнөлүк туристтик уюмдун берген маалыматына ылайык, 2019 - жылы чет жерге саякаттаган жарандардын саны 1.5 млрдга жеткен. Бул 2018 - жылга салыштырмалуу 4% көп болгон.